Түркиянын арачылыгы менен Халебде (Алеппо) ок атпоо камсыздалды

Түркиянын арачылыгы менен көптөн бери бомбаланып жаткан Халеб (Алеппо) шаарында ок атпоо камсыздалды.

629877
Түркиянын арачылыгы менен Халебде (Алеппо) ок атпоо камсыздалды

Түркиянын арачылыгы менен Сириянын көптөгөн жумадан бери бомбаланып жаткан Халеб (Алеппо) шаарында ок атпоо камсыздалды.Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шаардын чыгышындагы оппозициячыл күчтөр менен Орусия баштаган режим күчтөрүнүн арасында ок атпоо камсыздалганын жарыялады. Министрликтин жарыясында ок атпоонун камсыздалышы сыяктуу муну улай келген бошотуу иштеринде да Анкара бийлигинин ролуна шилтеме кылынды.

Түркия, абдан опурталдуу болгон бул процессти жакындан байкап жатат. Ок атпоо менен эң оболу курчоо астындагы жарандардын коопсуз түрдө чыгарылышы көздөлүүдө. Бул кишилер Халебдин чыгышындагы Эркин Сирия армиясынын көзөмөлүндөгү аймактарга жайгаштырылат.Ушул максат менен аймакка жарандарды ташый турган автобустар жиберилди.

Тараптардын ортосундагы макулдашуулар экинчи этапта шаар борборлорунун чыгышындагы куралчан оппозициячылдардын да коопсуз түрдө чыгарылышын көздөйт.  Оппозициядагы топтордун чоң бөлүмүнүн да шаардан чыгып кетүүнү кабыл алганы белгилүү болду. БУУнун ок атпоо тууралуу алгачкы маалымдоосу «Түркия жана Орусиянын аракеттерин колдойбуз» деп айтылды.

Буга кошумча Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп, келип жеткен жерди талкуулашты.



Тектеш кабарлар