Түрк аба жолдорунун айрым каттамдары жоюлду
Жүргүнчүлөр саякатка чыгаар алдында каттамдар тууралуу маалымат алуулары керек
![Түрк аба жолдорунун айрым каттамдары жоюлду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0a82/a008/9a07/5804bd89c809f.jpg?time=1718927224)
Түрк аба жолдору Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту менен өлкөнүн белгилүү аймактарында күтүлгөн ыңгайсыз аба шарттарынын себебинен ички жана тышкы каттамдарда 20 пландаштырылган учак рейсин токтотту.
Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилиги бүгүн ички каттамдарда 16, тышкы каттамдарда 4 рейстин жүргүзүлбөй турганын маалымдады.
Жүргүнчүлөр саякатка чыгаар алдында каттамдар тууралуу акыркы маалыматты «www.turkishairlines.com» интернет дарегинен же 4440849 номерине чалып биле алышат.
Мамлекеттик аэропорттор кызматынын «Ататүрк» аэропорту боюнча башкы директорлугу да ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу бир канча чараларды көрдү.
Күтүлгөн кардан улам бүгүн саат 15.00тен эртең саат 6.00га чейин «Ататүрк» аэропортунан учуулар 5 пайыз азаят.
Жүргүнчүлөргө билет алынган компаниялардын интернет баракчаларынан каттамдар тууралуу маалымат алуулары сунушталды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718927224)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.