Түркияда террористтерди кармоо үчүн операция жүргүзүлдү

Ички иштер министрлиги жикчил террор уюму ПККга карай операцияда 235 киши кармалганын жарыялады.

628866
Түркияда террористтерди кармоо үчүн операция жүргүзүлдү

Ички иштер министрлиги жикчил террор уюму ПККга карай операцияда 235 киши кармалганын жарыялады.

Ички иштер министрлигинин жарыясында: «ПКК/КЖК террордук уюмдарына карай 11 облуста жүргүзүлгөн операцияларда террор уюмдарынын атынан иштерин жүргүзгөн жана социалдык медиа аркылуу террор уюмунун пропагандасын кылганы белгиленген бардыгы 235 киши кармалды», деген сөздөрүнө орун берилди.

Стамбулдун коопсуздук директорлугу террор менен күрөшүү боюнча кеңсесинин директорлугунун топтору, мурда күнкү террор кол салуусунан кийин социалдык медиада террор уюмунун пайдасына пропаганда кылганы белгиленген шектүүлөргө карай да иштерин баштатты.

Социалдык медиада террор уюмунун пропагандасын кылгандарга байланыштуу маалымат берүүлөр Коопсуздук башкы директорлугунун «www.egm.gov.tr» адресиндеги онлайн маалымат берүү бөлүмүнө же Кибердик кылмыштар менен күрөшүү штабынын башчылыгынын «siber@egm.gov.tr» электрондук почта адресине билдирилсе болот.

 



Тектеш кабарлар