Стамбулдагы кол салууга карата эл аралык коомдон айыптоолор

Ангела Меркель президент Эрдоганга телефон чалып кол салуудан санааркагандыгын жана Түркия менен тилектештик ичинде экендерин билдирди

628572
Стамбулдагы кол салууга карата эл аралык коомдон айыптоолор

Стамбулда болгон террордук кол салууга карата эл аралык коомдон айыптоолор келди. Катар эмири Шейх Темими Бин Хамед Ал Сани жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Хамас саясий бюросунун төрагасы Халид Мешал Президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып Стамбулдагы кол салуу тууралуу көңүл айтышты.

Германиянын канцлери Ангела Меркель да президент Эрдоганга телефон чалып кол салуудан санааркагандыгын жана Түркия менен тилектештик ичинде экендерин билдирди.

Грециянын премьер – министри Алексис Ципраз да премьер – министр Бинали Йылдырымга телефон чалып башта кол салууда каза болгондордун жакындары жана бардык түрк калкы менен өкмөтүнө көңүл айтты.

Премьер – министр Ципраз террорду булагы эмне болсо болсун наалатташкандарын жана Түркия менен тилектештик ичинде экендерин баса белгиледи. Премьер – министр Йылдырым да Ципразга ДЕАШ, ПКК жана ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.

Террордун глобалдык коркунуч экендигин белгилеген Йылдырым бул коркунуч менен күрөшүүнүн эл арадык кызматташтыкты керек кылгандыгын баса белгиледи.

Косованын тышкы иштер министри Энвер Ходжай, Иорданиянын тышкы иштер министри Насер Жудех жана Испаниянын тышкы иштер министри Альфонсо Мария Дастис да тышкы иштер министри Чавушоглуна телефон чалып террордук кол салууну айыптап террорго каршы Түркия менен бирдей көз карашта экендиктерин айтышты.

Мевлют Чавушоглу да кесиптештерине террордук кол салуу тууралуу маалымат берип,  рахмат айтты. Чавушоглу айрыкча Түркиянын террор менен күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.



Тектеш кабарлар