Түркия качан оң кадам таштаса буга террористтер аркылуу бөгөт коюга аракет кылышууда

Президент Эрдоган кечээ кечинде Стамбулда болгон мыкаачылык кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалыматын жарыялады.

627884
Түркия качан оң кадам таштаса буга террористтер аркылуу бөгөт коюга аракет кылышууда

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы террордук кол салууну Стамбулда тынымсыз байкап, өкмөт башчы Бинали Йылдырым жана ички иштер министри Сүлейман Сойлудан маалымат алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Алла тааланын жардамы менен өлкө жана улут катары террорду, террор уюмдарын, террористтерди жана албетте алардын аркасында турган күчтөрдү жеңип чыга турганыбыздан эч ким шек санабасын»,-деди. 

Президент Эрдоган кечээ кечинде Стамбулда болгон мыкаачылык кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалыматын жарыялады.

Эрдоган Түркия качан гана келечекке карай оң кадам таштаса террор уюмдарынын процесске кирип жатканына көңүл бурду.

Түркия качан гана келечекке кайрай оң кадам таштаса жообунун дароо террор уюмдары аркылуу кан, жан, кыйратуу, баш аламандык катары алдына чыкканын баса белгилеген президент Эрдоган, «Акыркы жылдарда көп жолу туш болгон бул мыкаачылык кол салууну кылган террор уюмунун аты жана башкаруусунун кандайдыр бир мааниси жок. Жикчил террор уюму ПККсы, террор уюму ДЕАШы, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨсү менен террор уюмдары бирдей максат үчүн өлкөбүзгө жана улутубузга кол салууда»,-деди.

Президент Эрдоган өлкө жана улут катары террор уюмдарын, террористтерди жана алардын артындагы күчтөрдү жеңип чыга тургандарынан эч ким шек санабоосун талап кылды.

Түркия бул ахлаксыз террордук кол салуудан кийин да калыбына келүүсүн өзү жалгыз аткара турганын, аза күтүүсүн чыныгы достору менен чогуу күтө турганын,жасалма маалыматтарды бергендерден тышкары эч кимди көрбөй тургандарын билгенин айткан Президент : «Террор менен күрөшүп жаткан Түркиянын жана түрк улутун колдоонун ордуна террорду жана террористтерди колдоону тандаган өлкөлөрдөн бул ирет башка мамилени күтүү себебибиз калган жок»,-деп айтты.

Бул кол салуулардын террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүктү да арттырганын баса белгилеген президент Эрдоган, террор менен күрөшүүсүн, «өлсөм шейит, калсам ардагер болом» деген түшүнүк менен жүргүзгөн бир улутту жолунан баш тарттыра турган курал дагы чыгарыла электигин белгилеп кетти.

Жазуу түрүндөгү жарыясында кол салгычтардын изин кууй тургандарына да көңүл бурган президент Эрдоган, «Кудум эле жикчил террор менен күрөшүү, кудум эле 15-июлда шейит болгондорубуз сыяктуу бул түндө Стамбулдун Бешикташ районундагы жоготууларыбызды да жүрөгүбүздө сактап, алардын жаркын элестерин түбөлүккө чейин жашатуу менен бирге максатыбыз багытында чечкиндүү түрдө жүрүшүбүздү улантабыз. Миң жылдан бери бул жерлерди мекен кылыш үчүн төккөн кандарга жаңылары кошулганын, кошула турганын билип, күрөшүбүздү тынымсыз, кайраттуулук менен улантабыз. Мамлекет жана улут катары бул окуянын жана ага себеп болгон кылмышкерлердин изин куугандан эч качан баш тартпайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар