Энергетика соодасы түрк лирасы менен жүргүзүлөт
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, энергетика соодасында түрк лирасына өтүлө турганын айтты.
![Энергетика соодасы түрк лирасы менен жүргүзүлөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4d7e/c0ab/5cf8/584a2f482cec1.jpg?time=1718520432)
Түркия Улуу Улуттук Жыйынында өткөн бюджет талкуулоолорунда энергетика келишимдерине байланыштуу маанилүү өнүгүүлөр көңүлдү бурду.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, энергетика соодасында түрк лирасына өтүлө турганын айтты.
Түркиянын энергетика саясаттарында жаңы мезгилде энергетика көлөмүн түзгөн өлкөлөр менен улуттук акча менен сооданын башталышынын маанилүү өнүгүү боло турганын белгилеген Албайрак, Түркиянын Орусия менен жаратылыш газ соодасында түрк лирасына өтүш үчүн иш-аракеттер башталганын,бардык тийиштүү мекелер бул тема боюнча иштеп жатышканын билдирди.
Энергетиканын Түркиянын өсүүсү, өнүгүүсү жана экономикалык жумуш менен камсыздоо процессине салым кошуусу жагынан маанилүү болгонун баса белгилеген Албайрак, 14 жылда энергетика жаатында келип жеткен баскычты баса белгилеп, энергетикада Түркиянын экономикасында болгону сыяктуу орто эсеп менен үч эсе өсүү көрсөткөнүн айтты. Саясаттарын ар дайым Түркия өссө энергетика тармагына да инвестициялар менен бирге өсүшү боюнча кургандарын белгилеген Албайрак, өсүү үчүн ар дайым жетиштүү көлөмдө жана аз чыгым менен электр энергиясын өндүрүүнүн аракетин кылгандарын түшүндүрдү.
Албайрак 2003-жылдын башынан бери орто эсеп менен 75 миллиард доллардык инвестиция салынып, жеке жана мамлекет менен бирге Түркиянын курулган кубаттуулугун 32 миң мегаваттан ушул жылдын акырынан баштап 80 миң мегаваттка жеткиргендерин айтты.
Жергиликтүү жана жаңылана алган энергия булактарынын экономикага киргизилиши үчүн иштер ылдам уланып жатканын баса белгилеген Албайрак, «Түрк агымы» менен Түркиянын Орусияга жаратылыш газ көз карандылыгы жагынан өсүү болбогонун тескерисинче Батыш агымынан Түркияга камсыздалган газдын арадагы өлкөлөрдү кыйгай өтүп эми түздөн-түз өндүрүүчү өлкөдөн Түркияга келиши жагынан суроо-талап коопсуздугунун камсыздалганын белгилеп кетти.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718520433)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.