Түркия, АКШнын террордук уюм ПЙД менен иштешүүсү жаңылыш экендигин айта берет

Ибрахим Калын, Түркиянын Америка Кошмо Штаттарынын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД менен иштешүүсүнүн жаңылыш экенин айтуусун уланта турганын айтты.

622931
Түркия, АКШнын террордук уюм ПЙД менен иштешүүсү жаңылыш экендигин айта берет

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Америка Кошмо Штаттарынын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД менен иштешүүсүнүн жаңылыш экенин айтуусун уланта турганын айтты.

Калын, жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу маалымат берип АКШнын Сирияда террор менен күрөшүү темасында ПЙД менен иштешүүсүнүн принцип жагынан стратегиялык жаңылыштык болгонун айткандарын жана айтышын да уланта тургандарын белгилеп: «ПЙД ишине жараса режим, ишине жараса орустар жана да ишине жараса америкалыктар менен иштешүүдө. Эртең да ишине жараса Хизбуллах менен иштешет. Биз муну эң башынан бери айтуудабыз»,-деп айтты.

Европа Биримдигинин өзгөчө кырдаал темасындагы мамилесин да сындаган Калын: «Колун кезеп Түркияга карай сөз айтуу мезгили токтоду. Европалыктардын муну түшүнүшү керек»,-деди.

«Англия, Франция, Испания бир эле убакта 3 террор уюмунун кол салуусуна дуушар болуп жатканда, мунун ортосунда төңкөрүш аракетин өткөрсө, кандай чараларды көрөт эле?»-деп сураган Ибрахим Калын, сөзүн мындай улантты: «Франция өзгөчө кырдаалды ишке ашырса бул демократиялык деп эсептелет, заманбап деп эсептелет. Түркия ишке ашырса демократиялык болбойт,  адам укуктарына терс болот» сыяктуу өлкөлөрдүн ортосунда иерархия бар экенин эсептеген көз караштын чыгарылышы болгонун көрүүдөбүз. Биз буга албетте каршы чыгабыз».

Конституциялык өзгөрүүгө да токтолгон Калын, Түркиянын жаңы моделге өтүшү менен бардык тармакта бир өйдөкү деңгээлге чыга турганын, дагы ылдам жана таасирдүү чечимдерди чыгара турганын айтты.



Тектеш кабарлар