Тышкы иштер министри Ливанда
Чавушоглу айрыкча Бейруттагы Юнус Эмре маданий борборунда Ливандагы түрк коому менен да жолугушат
622270
![Тышкы иштер министри Ливанда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e48e/5124/89e0/583c546e70805.jpg?time=1718834568)
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу иш сапары менен Ливанга барды. Чавушоглу сапарында президенттик шайлоо жана жаңы өкмөттү куруу процессинде Түркиянын Ливанга берген колдоосун баса белгилейт.
2 жарым жылдан бери президент шайлана албаган Ливанда 31 - октябрда кризис чечилип, Мишель Аун өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланган. Чавушоглу Ливандагы жолугушууларында президент Мишель Аун, парламенттин спикери Набих Берри, убактылуу премьер – министр Таммам Салам, дайындалган премьер – министр Саад Харири жана тышкы иштер министри Гербан Бассил менен жолугушат. Тышкы иштер министри Чавушоглу айрыкча Бейруттагы Юнус Эмре маданий борборунда Ливандагы түрк коому менен да жолугушат.