Халеб эмне болот?

Эрдоган  Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

621061
Халеб эмне болот?

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Анда эки лидердин Халебдеги (Алеппо) кагылышуулардын токтотулушу жана шаардагы жарандарга гуманитардык жардамдардын жеткирилишин камсыздоого карай аракеттердин ылдамдатылышы темасында макулдашкандары белгиленди.

Айрыкча телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуусунун мааниси баса белгиленди.

Эки лидер акыркы бир канча күндүн ичинде 3 жолу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.



Тектеш кабарлар