Сирияда эки түрк аскери жоголду
Жоголгон аскерлерди издөө иш-аракеттери уланууда.
620239
Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы максатында Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылына катышкан 2 аскердин бөлүгү менен байланышы үзүлдү.
Жоголгон аскерлерди издөө иш-аракеттери уланууда. Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында: «Евфрат калканы кыймылынын алкагында 29-ноябрь шейшемби күнү саат 15:30 чамаларында эки куралдаш жолдошубуз менен байланыш үзүлүп, аларды издөө иш-аракеттери уланууда»,делди.
Башкы штаб төрагасы,армия генералы Хулуси Акар, премьер-министр Бинали Йылдырымга телефон аркылуу байланышып бул тема тууралуу маалымат берди.