Түркия менен Орусия кокустан болуп калган коңшулар эмес

Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Орусия карым-катнаштарында келечекке каралышы керектигин айтты.

619619
Түркия менен Орусия кокустан болуп калган коңшулар эмес

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Орусия карым-катнаштарында келечекке каралышы керектигин айтты.

Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 1-декабрда Түркияга жасай турган сапарынын алдында Орусиянын маалымат агенттиги ТАССка маек куруп берди.

Анда, Тышкы иштер министри: «Дагы эле чектөөлөр коюлган түрк азык-түлүк жана талаа продукциялары тууралуу тыюу салуунун жоюлушу, Түркиянын фирма жана ишкерлерине коюлган сектордук чектөөлөрдүн жоюлушу ушул алкакта мааниге ээ»,-деди.

Түркия жана Орусиянын эки кокустан болуп калган коңшу эместигин айткан Чавушоглу: «Кылымдар бою Евразия аймагынын ритмин чогуу белгилеген эки байыркы мамлекетпиз. Биз Орусия менен карым-катнаштарыбызга жалаң ушул стратегиялык көз караш менен карадык. Келечекке да ушул көз караш менен карайбыз»,-деп айтты.

Түркиянын Орусия менен карым-катнаштарына эч качан тар көз караш менен карабаганын баса белгилеген Чавушоглу: «Максатыбыз 100 миллиард доллар соода көлөмүнө жетүү, Аккую жана Түрк агымы сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу»,-деди.

Түркия-Орусия экономикалык карым-катнаштарынын бири-бирин укмуштуудай түрдө толуктаганына көңүл бурган Чавушоглу: «Орусия, Түркиянын энергетика тармагындагы башкы камсыздоочусу, Түркия болсо Орусияга жашылча-жемиш темасында эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берген камсыздоочу. Түркия, Орусияга туризм тармагында эң мыкты шарттарды камсыздоодо, Орусия да түрк курулушчуларына маанилүү долбооорлорун берүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар