Диярбакырда бир коопсуздук кызматкери каза болду
Жаралуу коопсуздук кызматкери Дижле университетинин медициналык факультетинин ооруканасында дарыланууда
619498
Диярбакырдын Силван районунда күзөттөгү коопсуздук кызматкерлерине террористтер кол салышты.
Районго караштуу Сусуз жана Чардак маалаларынын ортосунда күзөттө жүргөн коопсуздук кызматкерлерине террористтер унаасынан ок атышты. Кол салууда бир коопсуздук кызматкер каза таап, бирөөсү жараланды. Жаралуу коопсуздук кызматкери Дижле университетинин медициналык факультетинин ооруканасында дарыланууда.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.