Түрк аба күчтөрү Түндүк Иракка абадан операция жүргүздү
ПККга таандык 12 бута жардырылды
618781
Түрк аба күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен Ирактын түндүгүндөгү Авашин - Басян жана Кандил аймактарына карата жүргүзүлгөн абадан операцияларда жикчил террордук уюм ПККга таандык 12 бута жардырылды.
Алынган маалымат боюнча 20:01 – 21:03 сааттарында Ирактын түндүгүндөгү Авашин - Басян жана Кандил аймактарына абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда жикчил террордук уюмга таандык экени белгиленген буталар жардырылды. Милдетин ийгиликтүү аяктаган аскердик учактар базаларына кайтып келишти.