Орус тышкы иштер министри сапар менен Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн жылы 24 -  ноябрда учак кризисинин айынан токтотулган Түркия сапарын 1 -  декабрда ишке ашырат

617586
Орус тышкы иштер министри сапар менен Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн жылы 24 -  ноябрда учак кризисинин айынан токтотулган Түркия сапарын 1 -  декабрда ишке ашырат.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова жумалык пресс – жыйынында тышкы иштер министри Лавровдун орус – түрк орток стратегиялык пландоо тобунун жыйынына катышуу үчүн 1 -  декабрда Антальянын Аланья районуна келерин билдирди. Жыйындын түрк Ф – 16ларынын Орус Су  - 24 учагын бир жыл мурда атып түшүрүшүнөн бери биринчи жолу өткөрүлөрүн эске салган Захарова Аланьяда  эки тараптуу карым катнаштар менен бирге актуалдуу, аймактык жана эл аралык маселелердин караларын белгиледи.

Захарова Сириядагы абал күн тартибинде боло турган жыйында эл аралык терроризм менен күрөштүн таасиринин кандайча жогорулатылары да сөз болорун айтты.

Орус тарабынын Түркия менен карым - катнаштардын мурунку деңгээлине кайтууну каалаганына карабастан бул процесстин убакыт аларын белгилеген Захарова : «Карым – катнаштарды бузуу оңой, оңдолушу кыйын болууда. Учагыбыздын атып түшүрүлүшүнөн кийинки кризистүү мезгилде да жаңы маселелер кошулду. Булардын баары баскыч түрүндө ачыктылып жана чечилиши керек»,- деди.



Тектеш кабарлар