Адана шаарында террордук кол салуу

Эртең менен жардыруу болду.

616894
Адана шаарында террордук кол салуу

Адана Губернаторлугуна жакын жердеги ачык автопаркта эртең менен жардыруу болду.

Адананын губернатору Махмут Демирташ жарылуудан 2 кишинин каза тапканын, 16 кишинин жаракат алганын билдирди. Бирок андан соң жаракат алгандардын санынын 21ге жеткени маалымдалды. Махмут Демирташ айрыкча кол салуунун аял тарабынан ишке ашырылганын айтты.

Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Мехмет Мүэзиноглу болсо жаралуулардын бешинин абалы оор экенин билдирди.


Этикеткалар: #Адананын , #жарылуудан

Тектеш кабарлар