Израиль Анкарага жаңы элчи дайындады
Эйтан Наэ Израилдин Анкара элчиси
614628
Израиль өкмөтү Эйтан Наэнин борбор шаар Анкарага элчи болуп дайындалышын бекитти.
Израилдин тышкы иштер министрлигинин катчылыгынан берилген маалыматта : «Израиль өкмөтү дипломат Наэнин Анкара элчилигин бекитти»,- деп айтылды. Наэнин андан мурда да Түркияда кызмат кылгандыгы жана түрк тилинде сүйлөй алгандыгы баса белгиленген маалыматта Израиль премьер – министри Беньямин Нетаньяхунун : «Наэнин бул кызмат үчүн дайындалышынын туура экендигинде шегим жок»,- деп айтканы билдирилди.
Өкмөттүн Наэге жаңы кызматында ийгилик каалоолоруна орун берилген маалыматында анын тажрыйбалуу жана профессионал дипломат экендиги баса белгиленди.