Тышкы иштер министри Чавушоглу жана Штайнмайер сүйлөшүүсү

Чавушоглу Анкарага келген Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен биргелеше пресс жыйын өткөрдү

611345
Тышкы иштер министри Чавушоглу жана Штайнмайер сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Европа Биримдиги жетекчилеринин Түркияга карата акыркы мезгилдеги сөздөрүнө каршылык көрсөтүп : «Кемсинтүүчү мамилелерден тажадык»,- деди. Мевлют Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келген Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен биргелеше пресс жыйын өткөрдү. Чавушоглу : «Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин карым – катнаштардын токтотулушу тууралуу көз караштарына Түркия жана түрк калкы олуттуу түрдө каршы чыгууда»,- деп айтты.

Чавушоглу Германияда жикчил террордук уюм ПККнын 4 миң 500 мүчөсүнө карата доо бар экендигин, мунун бул өлкөдө 4 миң 500 террористтин бар экендигин көрсөткөндүгүн, бирок бул кишилерден үчөөсүнүн гана кайра жиберилгендигин белгиледи. Мевлют Чавушоглу  : «Критериялар белгилүү, бирок эки жүздүүлүк жана кош стандарт бар. Күн сайын бир тышкы иштер министри чыгып : «Түркияны Европа Биримдигинен, НАТОдон тигинден мындан чыгарабыз»,- деп жатышат. Сен кимсин Түркияны чыгара турган»,- деди.

Штайнмайер болсо Түркияда Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ тарабынан 15 -  июлда жасалган козголоң кыймылын катуу түрдө айыпташкандарын айтты. Штайнмайер бир гана ДЕАШка каршы эмес ПККга да каршы террор менен күрөшүү тууралуу Түркиянын жанында экендерин айтты. Конок министр өлкөсүнүн Түркия менен карым – катнаштарын ылдам түрдө өнүктүрүүгө аракет кылгандыгын белгилеп : «Мен Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн токтотулушуна каршымын. Мындай чечимди Европа борбор шаарлары эмес, Түркия өзү чыгарашы керек»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар