Сирияда операция уланууда

Куртулмуш, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийинки жарыясында операциянын алкагында Эл-Бабга 12 км жакындагандарын да билдирди.

605683
Сирияда операция уланууда

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Сирияда Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында 75 күндө 173 айылдын террор уюму ДЕАШтан тазаланганын билдирди.

Куртулмуш, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийинки жарыясында операциянын алкагында Эл-Бабга 12 км жакындагандарын да билдирди.

Түркиянын Мүнбич темасындагы чечкиндүүлүгүнүн уланганын да белгилеген Нуман Куртулмуш, борбор шаар Анкарага кечээ келген Амкерика Кошмо Штаттарынын башкы штабынын төрагасына террор уюму ПЙДнын Мүнбичти толугу менен боштотуп чыгышынын мааниси билдирилгенин айтты.

Кечээ башталган Ракка операциясына да токтолгон Куртулмуш: «Ракка, Халеб, Мосул, бул шаарлар өз калктарына таандык. Демогркафиялык түзүлүштү өзгөртүү эч кимге пайда алып келбейт. Түркиянын чек ара аймагына болгон аскер өткөрүү да көрүлгөн чаралардын арасында. Телафер жана Синжардын Хашди Шаби тарабынан басылып алынышы да аймакка тынтчык алып келбей турганын айтуудабыз. Тийиштүү органдарга бул билдирилди. Ракка жана Мосул операциясынын маанилүү сызыгы мыйзамдуулук болушу керек. Мыйзамдуу мамлекеттик башкаруулардын, мыйзамдуу куралдуу күчтөрү менен жасалышы керек. Ал шаарга таандык болбогон ар бир элементтин таштай турган кадамынын ар кимге каршы боло турганын айтуудабыз»,-деп айтты.  



Тектеш кабарлар