Элдин муктаждыктарынын ордуна террор уюмунун өкүлчүлүгүн кылуулары кечирилгис

Өмер Челик борбор шаар Анкарада кызмат кылган ЕБнин элчилери менен жолуккандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

605485
Элдин муктаждыктарынын ордуна террор уюмунун өкүлчүлүгүн кылуулары кечирилгис

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, саясатчылардын элдин муктаждыктарынын ордуна террор уюму өкүлчүлүгү үчүн саясат кылуулары кечирилбей турганын айтты.

Челик борбор шаар Анкарада кызмат кылган ЕБнин элчилери менен жолуккандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Өмер Челик: «Европалык досторубуз бир сүйлөм менен бизди колдогондорун билдирип жатса, 9 сүйлөм менен Түркияга каршылыгын билдирүүдө»,-деген сынын айтты.

ЕБнин эми жикчил террор уюму ПКК темасындагы ар түрдүү мекемелердин кош стандарттарын тартипке салышы керектигин белгилеген министр Челик, Бельгиядагы бир соттун ПККны террор уюму катары аныктаган токтомунун түздөн-түз Европа адам укуктары келишимине кол салуу болгонун белгиледи.

Челик: «Учурда ПКК террор уюму эмес» деген сот, эртең «ДЕАШ террор уюму эмес» деп чыгышы мүмкүн»,-деп айты.

Соттордун чакырыгына терс жооп берип түшүндүрмө берүүгө барбаган Элдердин демократиялык партиясынын (ЭДП) эл өкүлдөрүнүн кармалышына да токтолгон Өмер Челик: «Бир кишинин эл өкүлү болуп шайлангандан кийин террордук кыймыл кылуу сыяктуу эркиндиги жок. Бул жерде террор пропагандасын кылган, террорду колдогон жана түшүндүрмө берүүгө чакырылса да барбагандарга карай процесс иштеп жатат. Ошондуктан көбүнүн делосун карап көргүлө, көбү эркин кое берилди»,-деди.

Челик, «Аңдар биздин жеңишибиз», «ПККны террор уюму катары карабайбыз» деп айтуунун, бир эл өкүлүнүн террористтерге курал ташуусунун кабыл алынгыс экендигин баса белгилеп, «Эч бир Европа өлкөсүндө Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) болгону сыяктуу эр жүрөктүү талкуу болгон жери жок. ТУУЖда ар ким эркин сөз сүйлөйт. Көп сандаган Европа өлкөсүндө мындай сөз сүйлөөлөргө уруксат берилбейт»,-деп айтып, өткөндө Испания сотунун бир эл өкүлүн Венесуэладагы ЕТА митингине катышып бул уюмдун пропагандасын кылышын кылмыш деп эсептеди, Европа Адам укуктары соту да бул токтомду бекиткенин эске салды.

ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкердин Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга келбегенин эске салган министр Челик, ЕБ Комиссиясынын тарыхынын эң эле ийгиликсиз жана эң солгундаган мезгилинде экенин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар