Саясий кооптонуулар жана психикалык жашоо

Президенттиктин басма сөз кытчысы Ибрахим Калындын «Daily Sabah» үчүн жазган макаласы.

603289
Саясий кооптонуулар жана психикалык жашоо

Аяктарыбыз өз борборубуз жана салтыбызды күчтүү түрдө басып турганда, дүйнө жүзүнө кыйыры ачык перспектива менен карашыбыз керек. Эч бир коомчулук салтка ээ болбостон келечекке ээ боло албайт.

Мусулман дүйнөсү татаал убактан өтүүдө. Адилетсиз жана баш аламан глобалдык тартип, асыранды согуштары, жарандык кагылышуулар, секта чыңалуулары, коомдук баш аламандуулук жана экономикалык тынчсыздануулар, мусулман дүйнөсү үчүн жөн гана чоң саясий маселелерди жаратып эле калбастан ошол эле учурда анын интеллектуалдык жана руханий энергиясын да чар тарапка сарптоого алып барууда.

Натыйжада мусулман аалымдар, илимпоздор жана искусство чеберлери дүйнөлүк стандарттардан артта калууда жана келечекте дүйнө жүзүнө айта турган сөздөрү бар экенин көрө албай жатышат.

Бул тынымсыз уланган баш аламандыктын арасында интеллектуалдык, маданий жана искусстволук иштерди аткаруу үчүн керектүү аянтты табууга болобу? Кыскача жооп болсо «ооба» жана мусулман дүйнөсүнүн узун тарыхы, бардык саясий олку-солкулуктарга карабастан жетиштүү далил болуп саналат бул үчүн.

Исламий интеллектуалдык салттын айрым чоң аалымдары абдан чоң саясий өзгөрүүлөр болгон убактарда жашашкан.

Алгачкы муундагы мусулман укукчулары жана теологдору мусулман коомчулугунун ичинде болгон абдан чоң баш аламандыкка, өзгөчө Ислам пайгамбары азирети Мухаммеддин 632-жылдагы дүйнөдөн кайтышынан кийин келип чыккан жана саясий бийликтин андан кийинкиге кантип өтө турганы маселесине байланыштуу келип чыккандарга күбө болушту.

Алгачкы мезгилдеги теологиялык талкуулар саясий тирешүүлөр менен жакын байланыштуу. Исламда философиялык жана илимий салт, алгачкы мезгилдеги Мусулман мамлекетинин курулушу жана аскердик жортуулдардын баш аламандуу убактарында өөрчүгөн.

Эмевилер доорунан Аббасилер дооруна өтүү жана мусулман жерлеринде ондогон исламий эмирликтин курулушу мусулман илимпоздорун жана философторун биринчи класстагы сапаттуу маалымат өндүрүүдөн четтете алган эмес.

Алардын чындыкка жана маалыматка болгон эбегейсиз сүйүүсү Ислам маданиятынын андан кийинки мезгилдеринде Орто Азиядан Кичи Азияга, Месопотамияга, Түндүк Африка жана Андалусияга жетүүсүн жана бул жерде болушунун пайдубалын түптөгөн.

Улуу мусулман философтору, Хинди, Аль-Фараби жана Ибн Сина сыяктуу философия, ой-жүгүртүү, медицина жана музыка тармактарындагы чоң чыгармаларын саясий белгисиздик жана аскердик жортуулдар болуп турган убакта жаратышкан.

12-кылымдан 14-кылымга дейре мусулман жерлери эки баскынчы күчтү башынан өткөрдү. Батыштан келген кресттүүлөр жана чыгыштан келген моңголдор. Мусулман шаарларына жана күнүмдүк турмуштун агымына тийгизген таасирлери тарых китептеринде азап, кайгы жана ызакорлук сезимдери менен чогуу катталган. Булардын баарына карабастан исламий маданият жана цивилизациянын эң чоң чыгармаларынан айрымдары ошол эле мезгилде чыгарылган. Иерусалимди 1187-жылдарда кресттүүлөрдөн кайтарып алган Селахаддин Эйүбинин замандашы Усама ибн Мункиз, атактуу китеби «Китаб аль-Итибарда» ал мезгилди жандуу маалыматтар менен түшүндүргөн. 

Андан да көбү, Ибн-Араби (d. 1240) жана Мевлана Желаледдин Руми (d. 1273) сыяктуу маанилүү жана алдыңкы ойчулдар эң чоң чыгармаларын 13-кылымда кресттүү жортуулдар жана моңгол жортуулдары убагында жазышкан.

Ибни Араби Андулус исламынын азап тартуусуна күбө болсо, Руми моңгол жортуулунан качып учурда сөөгү көмүлгөн Коняга баш калкалаган жана ал жерде жашаган.

Мусулман дүйнөсү кылымдар бою көп сандаган аалым, философ, илимпоз жана чеберлер, Газали, Сухраварди, Насир аль-Дин Туси, Факр аль-Дин аль-Рази, Мулла Садра, Ибн Кемал, Такиуддин, Имам Раббани, Делилик Шах Валиуллах баалуу интеллектуалдык жана руханий милдеттерине маалымат жана ойчулдуктун туруктуу жолоочулары катары улантышкан.

Тарыхта көрүнгөн эң чоң архитекторлордон бири Синан, эстеликтүү чыгармаларын сарай саясатынын чуулгандуулугуна карабастан курган.
Шах-ы Жихан, Таажы Махалды 17-кылымда салдырды. Исламий калиграфиясы, миниатурасы, эбру искусствосу жана мукабалоо искусствосу эң сонун үлгүлөрүн 17-кылымда мусулман дүйнөсү саясий кризистер жана аскердик кагылышууларга дуушар болгон убакта чыгарды.

Ушул коомдук, саясий жана экономикалык азаптар, бул улуу аалымдердын жана чеберлердин жашоолоруна сөзсүз жана ой-пикирлерине да балким таасир тийгизди. Бирок эч бир дүйнөлүк тоскоолдуктар,алардын жашоолорун маалыматка, акыйкаттыкка жана рухий чындыкка берилүүдөн баш тарттыра алган эмес. Өз доорунда туш болушкан буркан шаркан түшкөн коомдук жана саясий баш аламандуулуктарга карабастан адамзаттын орток маалымат бирикмесине кошкон туруктуу салымдары учурубузга дейре жок болбой келген.

Булар учурбуздагы мусулман дүйнөсүнүн үйрөнүп сабак алышы керек болгон маалыматтар. Эң оболу бардыгыбыздын жашоосуна таасир тийгизген саясий маселелер, жалгыз эле саясий инструменттер менен чечиле албайт. Булардын чечилиши олуттуу интеллектуалдык аракет жана илимий маалымат, билгичтикке таяндырылышы керек. Ошондуктан олуттуу илимий жана интеллектуалдык эмгектенүүлөрдү кылыш үчүн саясий жана экономикалык маселелер чечилгенге дейре күтүп туруу туура болбойт. Тескерисинче өкмөттөр жана илимий коомчулуктар олуттуу илимий жана интеллектуалдык программаларды эң жогорку деңгээлде алдыңкы планга коюлары зарыл.

Экинчиден саясий маселелер жеке кишилердин жана улуттардын интеллектуалдык жашоолоруна зыян тийгизгени сыяктуу, ачык, суроо салган, кызыккан аң-сезимдер үчүн да күүлөөчү процедурасы болуп кризистерди мүмкүнчүлүккө айландырууларына себеп болушу мүмкүн. Кысым астында иштөө оңой эмес, бирок сыйлыктандыруучу болушу мүмкүн.

Үчүнчүдөн бүгүнкү күндүн мусулмандары ээ болушкан бай интеллектуалдык мурасты табышкан жок. Мусулмандар тарабынан миң жылдык мезгилде өндүрүлгөн илимий жана искусстволук чыгармалардын абдан аз гана бөлүмүнүн учурубузда кайра каралып чыгып, кайрадан басылып чыккан. Дагы жасалышы керек болгон көп иштер бар. Ушунчалык маанилүү болушунун себеби болсо, бул чыгармалар бизге учурубузда жашаган доордун чындыктарын жээрибестен жаңы жол ачуубузга жардам бериши мүмкүн.

Аяктарыбыз өз борборубуз жана салтыбызды күчтүү түрдө басып турганда, дүйнө жүзүнө кыйыры ачык перспектива менен карашыбыз керек. Эч бир коомчулук салтка ээ болбостон келечекке ээ боло албайт.

Мусулман улуттардын учурда дуушар болушкан саясий жана экономикалык маселелер чындык жана оңой көрүлбөшү керек. Бирок була бал бизди олуттуу жана узун мөөнөттүү интеллектуалдык, илимий жана искусстволук чыгармаларды жаратыш үчүн чечкиндүү мамиле кылуудан кем калтуруучу шылтоо боло албайт.



 



Тектеш кабарлар