«Евфрат калканы» кыймылы 73-күнүнө кирди

Террор уюму ДЕАШка таандык 93 баш калкалоочу жер, коргонуучу борбору, башкаруучу имараттары ок атылып талкаланды.

603780
«Евфрат калканы» кыймылы 73-күнүнө кирди

Сириянын түндүгүнүн террор элменттеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылы 73-күнүнө кирди. Андагы кагылышууларда террор уюму ДЕАШка мүчө 3 террорист жок кылынды, 4 оппозициячыл шейит болду, 10 оппозициячыл жаракат алды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн маалыматтандыруусуна караганда оппозициядагы топтор тарабынан кыймылдын башталган күнүнөн бери 170 отурукташкан жерде б.а. орто эсеп менен 1350 чарчы метрдик аянтта көзөмөл камсыздалды.

Террор уюму ДЕАШка таандык 93 баш калкалоочу жер, коргонуучу борбору, башкаруучу имараттары ок атылып талкаланды.

Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар тарабынан абадан кыймыл жүргүзүлгөн жок, кокустан чыга турган кыймылдарга карай жерде учак даяр күттүрүлүп турат.

Коалициялык күчтөр тарабынан Жабал Кирбат аль-Канишах жана Шудуд аймагында белгиленген ДЕАШ террор уюмунун мүчөлөрүнө карай 7 абадан операция жүргүзүлүп, 8 террорист жок кылынды, ДЕАШ террор уюмуна таандык 2 коргонуучу жайы жана 2 миномет талкаланды.

ДЕАШ террор уюмунан тазаланган аймактарда оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу зат белгилөө жана жок кылуучу десанттар тарабынан 2 мина менен 28 колго жасалган жарылуучу зат, кылдат түрдө зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар