Түркиянын ичкерисинде жана тышкарысында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш Министрлер Кеңеши тууралуу маалыматтандырды.

600812
Түркиянын ичкерисинде жана тышкарысында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Министрлер Кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ Президенттик комплексинде өттү.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, жыйналыш тууралуу жарыясында ичкериде жана тышкарыда Түркияны кызыктырган бардык коопсуздук чараларынын таасирдүү түрдө ишке ашырыла турганын айтты.

Террор менен күрөшүү темасында быйыл 296 абдан маанилүү террор окуясына бөгөт коюлганын белгилеген Куртулмуш, 10 миң атайын кыймыл десанттарын алуу үчүн кадам ташталганын да маалымдады.

Куртулмуш «Евфрат калканы» кыймылына байланыштуу Түркиянын тийиштүү бардык өлкөлөр менен дипломатиясын жүргүзүп жатканын, Мүнбичтин ПЙДдан тазаланышы үчүн Эркин Сирия армиясына керектүү колдоо көрсөтүлө турганын белгиледи.

Мосул операциясынын да пландалганы сыяктуу уланганын айткан Нуман Куртулмуш: «Түркиянын сезимталдыктары ачык жана ортодо турат. Түркия операцияны кылдат байкап жатат. Мосул операциясында элди бул иштин негизи кылып алышы жана Мосулдун негизги статусунун корголушу чыныгы максат болушу керек. Нинова сакчылары жана пешмерге операциясынын ичинде. Хашди Шаби операциянын ичинде эмес. Хашди Шабинин Мосулга киришине бөгөт коюлат»,-деди.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Ракка операциясы темасында болсо Түркиянын пикири ачык экенин, Мосул операциясы жана «Евфрат калканы» кыймылы бүткөн соң бул операциянын жасалышынын аскердик жактан туура болоорун белгилеп, «Аянтта бир аскердик талап бар. Түркия муну кылдат байкап жатат. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз», деп айтты.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Гүлендин экстрадиция кылынышына байланыштуу, «Урматтуу Бекир Боздагдын АКШ сапарынын ортодогу карым-катнаштарды дагы да такташтырганын жана кайтарып берүү же убактылуу камоо процессинин ылдамдатыла турганын айта аламын»,-деди.



Тектеш кабарлар