Сириянын түндүгүн террор элементтеринен тазалоо уланууда

ДЕАШка таандык 127, ПЙД/ПККга таандык 8 бутага ок атылып маневр жөндөмдүүлүктөрүнө бөгөт коюлду.

599252
Сириянын түндүгүн террор элементтеринен тазалоо уланууда

Сириянын түндүгүнүн террордук элементтерден тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 66-күнүндө 8 оппозициячыл шейит болду, 34 оппозициячыл жаракат алды.

Коалициялык күчтөр болсо «Нуман» мааласында белгиленген ДЕАШ элементтерине карай абадан жүргүзүлгөн 2 кыймылында 2 террористти жок кылды.

Операцияларда айрыкча мурдатан белгиленген ДЕАШка таандык 127, ПЙД/ПККга таандык 8 бутага ок атылып маневр жөндөмдүүлүктөрүнө бөгөт коюлду.

Кыймылдын башталган күнүнөн бери 164 отурукташкан маалада, орто эсеп менен1305 чарчы км аянтта көзөмөл камсыздалды. 1 куралчан унаа жана 1 оор курал жок кылынды.

ДЕАШтан тазаланган аймактарда 1 мина жана 6 колго жасалган жарылуучу зат кылдат түрдө зыянсыздаштырылды.

Кыймыл башталгандан бери 32 мина жана 1362 колго жасалган жарылуучу зат кылдат түрдө зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар