ПЙД/ПККнын максаты Эл Бабды алдырбоо экен

Тел Мадик жана Тел Жейжандын террор уюму ДЕАШтан кечээ тазаланышынан кийин режим жана ПЙД, оппозициячылдарга кол салууда.

597245
ПЙД/ПККнын максаты Эл Бабды алдырбоо экен

Сирия армиясына таандык аскердик тик учак Халебдин Мари районунун түштүк чыгышындагы Тел Мадик айылы жана жакын жердеги Тел Жейжан айылында  Эркин Сирия армиясы жайгашкан жерлерге баррель бомбасы менен кол салды. Анда 3 Эркин Сирия армиясынын мүчөсү каза таап, 10 чактысы жаракат алды.

Сириянын түндүгүндө Эркин Сирия армиясына караштуу бөлүктөрдүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында ДЕАШтын колундагы Эл Бабга жакындоосу менен аймакта режим, ПЙД жана ДЕАШ, Эркин Сирия армиясына каршы биргелешип кыймыл кыла башташты.

Тел Мадик жана Тел Жейжандын Эркин Сирия армиясы тарабынан террор уюму ДЕАШтан кечээ тазаланышынан кийин режим жана ПЙД, оппозициячылдарга кол салууда.

Террор уюму ПЙД/ПККнын максаты, Эркин Сирия армиясынын ДЕАШты аймактан тазалоо үчүн башталган кыймылда Эл Бабды көздөй илгерилөөсүнө бөгөт болуу. ПКК/ПЙДнын оюу боюнча Евфрат дарыясынын чыгышы менен батышындагы өкүмдарлык аймактарынын бириктирилиши жана террор коридору түзүлө алышы үчүн Бабды ДЕАШтан алышы керек.

Бир тараптан Баб районун каратуу «Евфрат калканы» кыймылынын максаттарынан бири болуп саналат. Кыймылда Бабдын каратылган учурунда террор уюму ПЙД/ПКК аталган максатына жете албай калат.

Оппозициядагы топтор Актариндин түтүгүндө орун алган 4 отурукташкан маалада чоң өлчөмдө көзөмөлдү камсыздады.



Тектеш кабарлар