Түркияда баш мыйзам өзгөртүлсө кандай болот?

Баш мыйзамды өзгөртүү менен көптөгөн маселе чечилет

594805
Түркияда баш мыйзам өзгөртүлсө кандай болот?

Премьер-министр Бинали Йылдырым президенттик система үчүн Адилеттик жана өнүгүү партиясы катары өз сунуштарын бере тургандарын жана Түркия Улуу Улуттук жыйынына тапшыра тургандарын айтты.

Йылдырым Афйонкарахисардын соода жана өнөр жай палатасында ишкерлерге кайрылуусунда: «Улуу Улуттук жыйын өз чечимин чыгарат, чыгарган чечимин биз кабыл алабыз. Улуу Улуттук жыйындын бул өзгөртүүнү кабыл алаарына ишенебиз жана бул өзгөртүү сиздердин, улуттун алдына коюлат, улут да кандай туура көрсө ошондой бекитет»,-деп айтты.

Бир тарапта элдин добушу менен шайланган президенттин, экинчи тарапта да Түркия Улуу Улуттук жыйынынан эптеп шайланган президентке жараша жазылган баш мыйзамдын бар экенин белгилеген Премьер-министр, бул кемчиликтин, бул жаңылыштыктын оңдолуусу керектигин баяндады.

Баш мыйзамды өзгөртүү менен көптөгөн маселенин да чечилээрин сөз кылган Йылдырым: «Аткарууну дагы да күчтөндүрөбүз, парламентти мындан да күчтүү абалга айландырабыз, олуттуу текшерүүгө алып келебиз жана Түркияда ал учурдан кийин эч качан көп баштуу бийлик болбойт»,-деди.



Тектеш кабарлар