Бул согуш башка араздашуу жана бөлүнүүчүлүктөрдүн үрөнүн сеппеши абзел

Калындын «Daily Sabah» гезити үчүн жазган «ДЕАШ, Дабык жана кыямат идеологияларынын негизсиздиги» деген макаласы.

592338
Бул согуш башка араздашуу жана бөлүнүүчүлүктөрдүн үрөнүн сеппеши абзел

Президенттик аппарат башчысынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын, «Дабыктын алдырылышы, ДЕАШтын чээнден чыккан идеологиясына чоң сокку урат. Анткени ДЕАШтын мүчөлөрү, Дабыкты кыямат күнү согушу боло турган жер деп ишенишет» деген серебин салды.

Калын «Daily Sabah» гезити үчүн жазган «ДЕАШ, Дабык жана кыямат идеологияларынын негизсиздиги» деген макаласында, түрк армиясы колдоо көрсөткөн Эркин Сирия армиясынын 16-октябрда Дабык районун ДЕАШтан кайтарып алып 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында ДЕАШка чоң сокку урганын эске салды.

ДЕАШтын эки айдан кыска мөөнөттүн ичинде Түркия-Сирия чек ара аймагындагы маанилүү аймактарды алдырып койгонун белгилеген Калын, ошол эле убакта ДЕАШтын Дабыкка байланыштуу кыямат аңгемеси туурасында түзүлгөн чээнден чыккан идеологиясынын эң маанилүү элементтеринен бири болгон мыйзамдуулук темасында барган сайын күчөгөн маселеге туш болгонун белгиледи.

Калын, Түркиянын чек араларын террористтик элементтерден тазалаш үчүн «Евфрат калканы» операциясын баштаганын эске салып, макаласын мындай улантты: «Операциясынын башталган күнүнөн бери Жераблус да арасында орун алган чечүүчү мааниге ээ болгон шаарлар менен катар Тигр жана Евфрат дарыяларынын арасында, Түркия-Сирия чек ара аймагында ДЕАШтын басып алуусу астындагы көп сандаган айыл жана район тазаланды. Эркин Сирия армиясы, оор жоготууларына карабастан ДЕАШтын колундагы аймактарга жана террорист тобунун Сириядагы эки чеби болгон Эл-Баб жана Раккага карай тынымсыз илгерилеп баратат. «Евфрат калканы» кыймылы Сирияда ДЕАШка каршы таасирдүү кыймыл болгону далилденип; Операциялар убагында аймактар террордон тазаланды, Эркин Сирия армиясынын көңүлү көтөрүлдү, жөнөкөй топтор Эркин Сирия армиясына кошулуш үчүн шыктандырылды жана миңдеген сириялыктардын үйлөрүнө кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Андан да маанилүүсү ПККнын Сириядагы террористтик бутактары болгон Демократиялык Биримдик партиясы (ПЙД) жана Элдик коргоо биримдигинин (ЙПГ) аймакта ДЕАШка каршы күрөшкөн жалгыз таасирдүү күч болгону жөнүндөгү легендалары кулады.

Калын, бир тараптан Ирактын 2003-жылы бактысыз түрдө басылып алынышы, экинчи тараптан Малики өкмөтүнүн 2010-2013-жылдардагы секталык саясаттарынын натыйжасында курулган жана акырында Ирактын экинчи чоң шаары болгон Мусулду каратып алган ДЕАШтын кантип пайда болгонунун эске салынышы жетиштүү боло турганын айтты.

Душман бир өкмөт жана ага караштуу оолуккан согушчан топтор тарабынан обочолонтулган, кемсинтилген жана кысым көрсөтүлгөн суннит уруулардын жана Мусулдун карапайым калкынын 2014-жылы 65 миң кишилик күчтүү Ирак армиясы бир ок атпастан шаардан чыгып кеткенде ДЕАШтын шаарларына кирүүсүн карап гана турганын белгилеген Калын: «Бул, ДЕАШка коопсуз порт камсыздоо менен катар суннит-шиит карым-катнаштарын дагы да ууландырды. Кыска мөөнөт мурда башталган Мусул операциясы темасында да эми көбү ошондой санааркоолорго түштү» деген сереп салды.

Калын, Түркиянын чек араларын бардык террорист элементтерден тазалаганга дейре, атуулдарынын жана Сирия чек арасындагы сириялыктардын коопсуздугун камсыздаганга чейин «Евфрат калканы» кыймылын улантууга чечкиндүү болгонун баса белгилеп, жашоо нормага айланган Жераблус-Азез багытындагы коопсуз коридордо болгондордун ушундай экенин, Сирия калкынын жок эле дегенде бул аймактардагылардын өздөрүн коопсуз жана корголгон түрдө сезгендерин белгиледи. Калын, дүйнө жүзүнүн ортомчу согуштар жана геополитикалык күч тирешүүсү үчүн Сирия калкын баткакка тыгып кеткенде мунун («Евфрат калканы» кыймылын) үмүт нуру сыяктуу жанганын белгилеп кетти.

Дабыктын каратылышын, «ДЕАШ үчүн аскердик жеңилүү»» сөздөрү менен ырастаган Калын: «Мындан дагы маанилүүсү, бул анын орунсуз идеологиясына чоң сокку урду. Анткени ДЕАШ, Дабыктын кыямат күнү согушунун, христиан эсхатологиясында жакшылар менен жамандардын арасындагы акыркы согуш өтө турган жер экенине ишенишкен», деген серебин салды.

Бул басылмаларына караманча кароонун тынчты алган жактары белгилүү болгонун жана  ошондой эле картинаны көрсөткөнүн белгилеген Калын макаласында буларга орун берди: «Дабык журналы исламий терминдерин коркунучтуу түрдө бурмалаган жана аскер топтоо жана өзүн мактоо максаты менен жөнөкөй үгүттөө жүргүзгөн. Журнал террор уюмунун мыйзамдуулук үчүн ээликкенин жана эң акырында да келесоодой изденүүсүн көрсөтүп турат. Алгач ирет 2014-жылы июль айында чыккан жана 15-санын чыгарган журнал, биримдик, метод, хижрат, жихад жана жамаат менен жолго чыкканын жактаган. Профессионалдык түрдө чыгарылып халифат ойлорун мыйзамдуу кылгысы келип жатат жана мусулмандарды бул жакка көчүү чакырыгын салууда. Жөнөкөй үгүттөө тактикаларын жана кол салууларын колдонуп жатышат жана ошондой эле бул жасалма идеологияларына жылуу карабаган еврейлерге, христиандарга, шиит мусулмандарга, мусулман туугандарга жана да эң акырында бүтүндөй мусулмандарга кол салышууда».

Диний буйрук катары мүнөздөлгөн каттын ДЕАШтын идеологиясын жана диний мыйзамдуулук айтымдарынын жаңылыштыгын берене-берене түрүндө далилдегенине токтолгон Калын: «Кат, ДЕАШтын диний терминдерди кантип бурмалап заманбап доордун шайтандай агымдарына окшогон кулатуучу идеология курганын ортого салууда. Өткөн жылда Дин иштери башкармалыгы «Диний бузуулар жана террор кыймылы катары-ДЕАШ» аттуу 40 беренелик четке кагууну жарыялаган. ДЕАШ идеологиясынын мыйзамдуулугун жок кылуу аракеттери Ислам дүйнөсүндө дагы ошондой эле батышта дагы жашаган мусулман лидерлер тарабынан улантылышы керек.  Бузуу жана кулатуу максаттуу турмуштук амбицияны кууган бир топ варвардын диндерин жана бай маданиятын басып алуусуна мусулмандар уруксат бербеши керек. Батыштык өлкөлөр ДЕАШтын эмне экенин көрүшү зарыл жана алардын ок дарысы болгон исламофобия жана Исламга каршы турууну көкүтүүсүн токтотушу керек».

Бул суроо ошол эле учурда Сирия согушунун эки жан алгычтары болгон ДЕАШ жана Асад режиминин бири-бирин багып жатканы жана алардын болушуна уруксат берилген сайын Сирия жана артында болуп жаткан эң жаман адамзат кризисин күүлөөсүн уланта бере турганы чындыгынын ачуу эскертүүчүсү. ДЕАШты Сирия, Ирак жана башка аймактардан тазалоо абдан маанилүү. Бирок бул согуш башка араздашуу жана бөлүнүүчүлүктөрдүн үрөнүн сеппеши абзел. Глобалдык күчтөр, аймактагы тараптар жана башка көз карандысыз актерлордон турган тараптар ДЕАШты майда стратегиялык максаттарына колдонууну токтотушу зарыл. Анткени бул жеңгени болбогон согушка айланып кетет. Эки жаңылыштык бир туураны бербейт»



Тектеш кабарлар