Сирияда ДЕАШка таандык 84 бута атылды
Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылы уланууда...
![Сирияда ДЕАШка таандык 84 бута атылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5f3c/0d9e/b415/58032becc67e7.jpg?time=1718953552)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылына 54 күн болду...
Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында террор уюму ДЕАШка таандык 84 бута атылганы жарыяланды.
Салгылашууларда 9 оппозициячыл шейит болду, 28 оппозициячыл жаракат алды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги тарабынан «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Сириянын түндүгүндөгү Аршак жана Дабыкка жүргүзүлгөн кыймыл менен террор уюму ДЕАШка таандык 2 коргонуу борбору 3 башкаруу борбору жана 1 передатчик антенна атылды.
Коалициялык күчтөрдүн ошол эле аймакка жүргүзгөн кыймылында болсо 7 террорист жок кылынды.
Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында айрыкча Маренин чыгышындагы Гхайтын жана Гейланиде көзөмөл камсыздалды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718953552)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.