Мосул шаарынын маселеси чечилмейинче Түркия ал аймактан чыкпайт

Эрдоган, кечээ Ризеде «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университеттин конгресс жана маданият борборунда сөз сүйлөдү.

590473
Мосул шаарынын маселеси чечилмейинче Түркия ал аймактан чыкпайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  Ирактын Мосул шаарынын маселеси чечилгенге чейин Түркиянын Башикадан чыкпай турганын айтты.

Президент Эрдоган, кечээ Ризеде «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университеттин конгресс жана маданият борборунда уюштурулган 2016-2017 академиялык жылдын ачылыш аземине катышты.

Аземде «Ирактын Мосул шаарын жазганы ушул экен деп таштай алабызбы?» деген Эрдоган, Мосулдун тарыхында Түркия бар экенин белгилеп кетти. Мосулду мосулдуктан алып бөрөөлөргө берүүнүн эсеби кылынып жатканын белгилеген Эрдоган, мындайга жол бербей тургандарын, буга «жок» дегендерин,  Мусулда мусулдуктардын жашашы керектигин айтты.

Эрдоган Мусулда арап, түркмөн жана күрттөр жашаганын айтып, Мусулга кирип кеткен террор уюму ДЕАШ менен күрөшкөн коалициялык күчтөрдүн, Түркиянын Ирак борбордук башкаруусунан уруксат алган учурунда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө кошула ала турганы жөнүндөгү айтымдарды кабыл алуу мүмкүн эсместигин баса белгиледи.

Ирактын борбордук башкаруусунун талабы боюнча Түркиянын Башика базасын курганын эске салган Эрдоган, эми болсо Түркиянын Башика базасын таштап чыгып кетишин талап кылгандарын, бирок Түркиянын базаны таштап кетүүгө ниети жок экенин айтты.

«Мосул маселеси чечилгенге дейре биз ошол жердебиз»,-деп айткан президент Эрдоган, 400 миң калктуу Телафер шаарындагы түркмөн калкынын санына да көңүл бурду.

Телаферде да тынчтык түзүлгөнгө дейре Түркиянын аймактан чыкпай турганын ар кимдин билиши керектигин баса белгилеген президент Эрдоган, «Биз дипломатиялык жолдор менен бардык нерсени жасаганга аракет кылуудабыз. Жасашыбызды да улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар