Президент Эрдоган Трабзондо жарандар менен жолугушту

Трабзонго барган Эрдоган аэропортто тосуп алган жарандарга кайрылды

589996
Президент Эрдоган Трабзондо жарандар менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган демократияда парламентарлардын чыгарган чечимине баарынын сый көрсөтүүгө мажбур экендигин айтты. Коньядагы жолугушууларынан кийин Трабзонго барган Эрдоган аэропортто тосуп алган жарандарга кайрылды.

Жарандардын Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан улам өлүм жазасынын алып келиниши тууралуу талаптарына токтолгон Эрдоган козголоң кыймылында 241 кишинин козголоңчулар тарабынан шейит болгондугун эске салып аткаруучулардын эч качан кечирилбей тургандыгын белгиледи.

Эрдоган өлүм жазасынын парламенттен өтүүсү менен бекитерин дагы бир жолу кайталады.

Террордук уюмдар менен күрөшүүгө байланыштуу  баа берген Эрдоган ПКК эмне болгон болсо ФЕТӨ менен ДЕАШ да ошондой экендигин баса белгилеп, бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантышарын белгиледи.

Трабзондо элге кайрылган Эрдоган андан кийин тик учар менен туулган жери Ризенин Гүнейсу районуна барды. Эрдоган Ризеде бүгүн ачылуу аземдерин өткөрөт.

 



Тектеш кабарлар