Түркия Мэттью бороонунан жабыркаган өлкөлөргө жардам берүүгө даяр

Апаатта каза болгондор үчүн тийиштүү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана элдерине көңүл айтылды

585642
Түркия Мэттью бороонунан жабыркаган өлкөлөргө жардам берүүгө даяр

Түркия Мэттью бороону алып келген апаатка дуушар болгон өлкөлөрдүн жараларын айыктыруу аракетине жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндө маалыматта Мэттью бороонунун Гатити, Доминикан республикасы, Ямайка, Бахамалар, Куба жана АКШнын түштүк – чыгыш аймактарында жол ачкан жан жоготуу жана оор материалдык зыянчылыктан улам терең санааркоо билдирилди.

Маалыматта : «Түркия табигый апааттардан зыян тарткан өлкө катары бул кыйын учурда бороондон таасирленген өлкө өкмөттөрү жана элдери менен тилектештик ичинде. Түркия бул табигый апаатка дуушар болгон өлкөлөрдүн жараларын айыктыруу аракеттерине жардам берүүгө даяр»,- деп айтылды. Ошону менен бирге апаатта каза болгондор үчүн тийиштүү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана элдерине көңүл айтылды.



Тектеш кабарлар