Түркия - Румыния суу келишими
Келишим боюнча Түркия менен Румыния суу булактарынын өнүктүрүлүшү, суу ташкыны жана кургакчылыкты башкаруу, кирдеген сууну кайра иштетүү сыяктуу темаларда кызматташтык түзөт
Түркия менен Румыниянын ортосунда суу тармагында кызматташтык келишими министрлер кеңешинин чечими менен Рамий гезитте жарыяланып бекитилди.
Келишим боюнча Түркия менен Румыния суу булактарынын өнүктүрүлүшү, суу ташкыны жана кургакчылыкты башкаруу, кирдеген сууну кайра иштетүү сыяктуу темаларда кызматташтык түзөт.
Кызматташтыктын негизинде билим берүү программалары менен жыйындар өткөрүлөт, бир бирине карата илимий жана техникалык маалыматтар бөлүшүлөт, адис, илимий изилдөөчү жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнүн бере турган маалыматтары менен өзгөрүүлөр болот. Келишимдин негизинде биргелешкен илимий жана техникалык иликтөөлөр жүргүзүлүп, орток проектилер даярдалат.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.