Түндүк Иракка карата абадан операция

ПКК тарабынан колдонулган 4 баш калкалоочу жер, 1 үңкүр менен 1 кампа жардырылды

584837
Түндүк Иракка карата абадан операция

 Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан  Ирактын түндүгүндөгү Авашин, Басян жана Кандил аймактарында жүргүзүлгөн аба операцияларында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан колдонулган 4 баш калкалоочу жер, 1 үңкүр менен 1 кампа жардырылды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта : «2016 -  жылдын 6 -  октябрында 19: 37 жана 20: 40 сааттардын арасында Авашин, Басян жана Кандил аймактарына түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен абадан операция жүргүзүлдү, аймакта аныкталган жана жикчил террордук уюм тарабынан колдонулган 4 баш калкалоочу жер, 1 үңкүр жана 1 кампа жардырылды»,- деген маалымат бөлүшүлдү. Маалыматта милдетин ийгиликтүү аткарган аскердик учактардын базаларына кайтып келишкендери белгиленди.



Тектеш кабарлар