Ракка операциясында ЙПГ болсо Түркия жок

Ибрахим Калын менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу маалымат берди

583212
Ракка операциясында ЙПГ болсо Түркия жок

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын америкалык жооптуу кызматерлерге Сириянын Ракка шаарындагы операцияда террордук уюм ЙПГ бар болсо Түркиянын орун албай тургандыгын айткандарын белгиледи.

Ибрахим Калын менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу маалымат берип, Ракка операциясына карата Түркиянын өз мамилесин ачык түрдө ортого салгандыгын, шаардын террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы темасында каршы пикирлери жок экенин баса белгиледи.

Калын: «Тескерисинче муну чогуу, эл аралык коалиция менен ишке ашыралы, буга эч кандай каршылык жок. Бирок көрүнүп тургандай америкалыктар кайрадан «Бул ишти ЙПГ менен чогуу ишке ашырышыбыз керек» деген тезис менен кыймыл кылып, бул операцияны даярдап жатышат. Биз да «ЙПГ бар болсо биз бул жерде орун алышыбыз мүмкүн эмес» дедик»,- деп айтты.

Калын президент Режеп Тайип Эрдогандын өткөн жумада араб каналына берген маегин эске салып: «Президентибиз ал маегинде ачык түрдө «Мусулдун этникалык жана коомдук түзүлүшү эске алынып бул операция жүргүзүлүшү керек»,-деди. Шиит маселесине, секта темасына эч токтолгон жок. Биз Мусулдун дагы, Ракканын дагы жерлерине көз артпайбыз. Биздин бардык маселебиз бул аймактын ЙПГ менен катар ДЕАШ жана башка террордук уюмдардан тазаланышы»,-деп айтты.

АКШдагы 11-сентябрь кол салуусу үчүн Сауд Арабстанга доо коюлушуна мүмкүнчүлүк түзгөн мыйзам долбооруна байланыштуу президент Эрдогандын: «Сауд Арабстан менен кызматташтык түзө алабыз»,- деп билдиргендиги сөз болуп жатканы боюнча Ибрахим Калын: «Бул бираз Америкадагы шайлоонун алдында чыгарылган чечим бирок жыйынтыктарын жакшы ойлонуп көрбөгөндөрү түшүнүктүү болуп жатат. Биз дагы бул мыйзамга каршы экендигибизди, мунун жоюлушу керектигин айттык. Ушул процессте биз Сауд Арабстанга көз карандысыз мамлекет катары албетте тилектештик көрсөтөбүз»,- деди.

Газа маселесине да токтолгон Ибрахим Калын Израил менен түзүлгөн келишимдин негизинде аймакка эки жардам жөнөтүлгөндүгүн эске салып, мындан кийин өзгөчө Газага жардам кемелери тартиптүү түрдө жөнөтүлүп тураарын билдирди.

Газанын суу жана электр энергия муктаждыктарынын камсыздалышына байланыштуу Түркиянын демилгелерине да токтолгон Калын, Энергетика жана табигый ресурстар министрлигинен бир делегациянын өткөн айда Газага барганын жана кеңири иш-чараларды жүргүзгөнүн айтты.

«Израиль менен дипломатиялык алакалардын нормалдашуусу, Түркиянын Палестина темасындагы позициясын өзгөртүп же өзгөртөөрү түшүнүгүн бербейт»,-деген Калын, Палестинанын көз карандысыз мамлекет болушу керектигин жактаган Түркиянын позициясы ошол бойдон экенин баса белгиледи.

Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Феталлах Гүлендин тапшырылышына байланыштуу Ибрахим Калын: «Биздин ойубузча  кылмышкерлердин өткөрүлүп берилиши келишиминин алкагында жана төңкөрүш аракетинде болгон окуялар ортого салынган көрүнүштөр жагынан Феталлах Гүлендин Түркияга тапшырылышы өтө так тема. Бул учурда Америка башкаруучулугу бул адамдын эч нерсе болбогон сыяктуу дагы эле бул кылмыш империясын башкарышына урусат бериши кабыл алынгыс»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар