Түркия ар дайым өз кызыкчылыктарын коргойт

Орусия менен АКШнын бетме-бет келишин каалабайт

582671
Түркия ар дайым өз кызыкчылыктарын коргойт

Улуттук коргоо министри Фикри Йышык Сирияда Орусия менен АКШнын бетме-бет келбешин тилегендерин айтты.

Түркия Улуу Улуттук жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берген Фикри Ышык, АКШ менен Орусиянын ортосундагы Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдүн аякташы маанилүү экенин сөз кылды.

Ышык бир суроо боюнча да Сирияда Орусия менен АКШнын бетме-келишин каалабагандарын баса белгиледи.

«Мындай нерсе болсо Түркиянын мамилеси кандай болот?» деген суроого министр Ышык: «Түркия ар дайым өз кызыкчылыктарын коргойт»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар