15-июлдагы төңкөрүш аракетин унутпоо жана унуттурбоого мажбурбуз

Кимде ким 15-июлдагы окуяны «төңкөрүш» дей албаса анда ал төңкөрүш аракетинин бир бөлүгү

581120
15-июлдагы төңкөрүш аракетин унутпоо жана унуттурбоого мажбурбуз

Президент Режеп Тайип Эрдоган Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин унутпоо жана унуттурбоого мажбур экендиктерин, бул үчүн окуу китептеринен даректүү тасмаларга чейин көптөгөн тармакта 15-июлдун орун алышынын шыктандырылышы керектигин айтты.

Эрдоган Түркия Улуу Улуттук жыйынынын жалпы кеңешинде 26-чакырыштын экинчи мыйзам чыгаруу жыйынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Эл өкүлдөрүнүн төңкөрүш аракетине каршы олуттуу жана күчтүү мамиле жасап, улуттук эрктүүлүктү сактап калгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Ушул процессте Түркия бир ууч мыкаачыдан тышкары 79 миллион жаран менен  бүткүл дүйнөдө тарых бою үлгү боло турчу эркиндик жана демократия сабагын берди»,-деди.

Эрдоган: «Кимде ким 15-июлду «төңкөрүш» дей албаса жана наалат айтпаса анда ал төңкөрүш аракетинин бир бөлүгү, анын жактоочуларынан»,- деп айтты.

Түркия ФЕТӨ менен катар ПКК жана анын уландылары менен террордук уюм ДЕАШтын да кол салууларына дуушар болгонун баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын Сирияда ДЕАШка каршы таштаган ар бир кадамына ПКК жана ПЙД-ЙПГ террор уюмдарынын бардык күчтөрү каршылык көрсөтүп жаткандарын айтты.

АКШнын акыркы мезгилдерде бул аймакта так мамиле жасабай жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган: «АКШ башкаруучулугунун бир бөлүгү көөшөрүп Сирияда жана Иракта ПКК/ПЙД-ЙПГ террор уюмдары менен биргелеше иш жүргүзүп жатса, бир бөлүгү да биздин сезимталдуулугубузга дагы да жакын саясат жүргүзүүгө аракет кылууда»,- деп айтты.

«Евфрат калканы» кыймылынын Сириядагы террордук уюмдардын бардыгына каршы аймактын эли менен бирге баштатылган мыйзамдуу операция экенин баса белгилеген Эрдоган: «Принцип боюнча эч ким каршылык көрсөткөн жок бирок колдоо да көргөн жокпуз. Түштүк чек араларыбыздагы террордук коридор жана ПКК менен ДЕАШтын өлкөбүздө көбөйгөн кол салуулары, бизди бул долбоорду өз мүмкүнчүлүгүбүз менен ишке ашырууга аргасыз кылды»,- деди.

Президент Эрдоган октябрь айынын Евопа Биримдиги менен карым-катнаштар жагынан маанилүү ай экенине токтолуп, Европа Биримдигинин Түркияга убада берген виза эркиндиги келишиминин ушул айдын ичинде күчүнө кириши керектигин да баса белгиледи.  

Европа Биримдигинин билдирүүлөрүнө караганда, террор менен күрөшүү сыяктуу Түркия үчүн маанилүү теманын, процесстин алдын ала шартына айландырууга аракет кылынганын көрүп жаткандарын сөз кылган Эрдоган: «Ачык айтып жатамын. Бул мамиле Европа Биримдигинин Түркияга берген убадасын орундаткысы келбегендигинин көрсөткүчү. Дагы бир жолу бетке эле айтамын. Өздөрү билишет. Түркия Европа Биримдиги менен жарым кылымдан ашкан алакаларында ар дайым убадасын орундаткан тарап болду»,-деди.

 



Тектеш кабарлар