ТРТнын баш директору Македонияда мамлекет башчысы менен жолугушту

Мустафа Неждет Түркиянын өздөрү үчүн маанилүү өлкө экендигин баса белгиледи

580741
ТРТнын баш директору Македонияда мамлекет башчысы менен жолугушту

Балкан өлкөлөрүнүн медиа жолугушуусу үчүн Македонияга барган ТРТнын баш директору Шенол Гөка Македониянын биринчи румын мамлекет башчысы Мустафа Неждет менен жолугушту.

Мустафа Неждет Түркиянын өздөрү үчүн маанилүү өлкө экендигин баса белгиледи. Шенол Гөка болсо 15 -  июль күнү македониялыктардын көрсөткөн колдоосу үчүн рахмат айтты.

Түркия менен Македониянын ортосундагы бир туугандык байланыштар кылымдар мурункусуна таянат. Эки өлкөнүн ортосундагы ал байланыш 15 -  июль күнү түнү да өзүн көрсөттү.

Македонияда түркү, албаны, бошниягы жана румыны Түркияга колдоо көрсөтүү үчүн көчөлөргө чыгышты. Дүйнөдөгү бир гана румын телекөрсөтүүсүнүн ээси болгон Мустафа Неждет Гөкадан ТРТнын телекөрсөтүү каналдарына жардам берүүсүн күтүшкөндөрүн да айтты.



Тектеш кабарлар