26 – мезгилдин экинчи мыйзам чыгаруу жылы башталды

Түркия парламенти бүгүн ачылат

580570
26 – мезгилдин экинчи мыйзам чыгаруу жылы башталды

20 -  августта эс алууга чыккан парламенттин ачылышында бир топ алгачкылар ишке ашат.

Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин күн тартибине келген ишке ашыруулардын негизинде президент Эрдоганды  тандалган аскерлер салтанат менен тосуп алат. Башкы штаб да салтанатта орун ала турган 160 аскер белгиленди.

Протокол эрежелери боюнча Эрдоганды парламенттен узатуу үчүн 20 аскер кызмат кылат. Президенттин бул мыйзам чыгаруу жылынан улам сүйлөй турган сөзүндө ФЕТӨ тууралуу маанилүү маалыматтар берилет.

Ачылуудан кийин парламенттин Жалпы Кеңеши биринчи болуп мөөнөтү 2 -  октябрда толо турган премьер – министрлик документин карап чыгат. Ирак жана Сирияга чек аранын ары жагындагы операция тууралуу өкмөткө берилген жоопкерчиликтин бул документ менен 1 жылга дагы узарытылышы пландалууда.

Түркия парламентинин ачылышынан кийин салттык кабыл алуу болот. Бирок кабыл алууда 15 -  июль шейиттеринин элесине музыка болбойт.



Тектеш кабарлар