Сирияда «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында түштүктү көздөй илгерилөө уланууда

Кыймылдын 36-күнү артта калды, ушул убакка дейре бардыгы 1419 бутага 5437 ок атылды.

579234
Сирияда «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында түштүктү көздөй илгерилөө уланууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында чалгындоо жана байкоо унаалары менен белгиленген террор уюму ДЕАШтын 82 бутасына ок атууну колдоочу бөлүктөр тарабынан «Фыртына» пушкасы менен 346 жолу ок атылды.

Кыймылдын 36-күнү артта калды, ушул убакка дейре бардыгы 1419 бутага 5437 ок атылды.

Аба күчтөрүбүзгө таандык учактар тарабынан Увайшиах жана Ихтималат аймактарында орун алган бардыгы үч бутага төрт бомба ташталды.

Бомбалоонун жыйынтыгында террор уюмуна таандык башкаруучу борбору жана курал сактоочу жай катары колдонгон эки имараттагы ДЕАШ элементтери жок кылынды.

Коалициялык күчтөр да операцияларын улантууда.

Раил жана Тулайлин аймактарында белгиленген ДЕАШ буталарына карай абадан кыймылда уюмдун бир мүчөсү жок кылынды. Бир миномет, колго жасалган жарылуучу зат жана бир имарат талкаланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында айрыкча ушул убакка дейре 28 мина жана 989 колго жасалган жарылуучу заттын коопсуз түрдө жок кылынып оппозициячылдарга колдоо көрсөткөнү да белгиленди.

«Евфрат калканы» кыймылында Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен оппозициядагы элементтерден турган беш Атайын милдет кыймыл күчү тобунун Азез-Раи багытында түштүктү көздөй илгерилөөсү да уланууда.

Оппозициячылдар тарабынан кургактыктан жана абадан камсыздалган тынымсыз ок атуунун коштоосунда Раинин чыгышындагы Эл Эййубияхтын отурукташкан мааласында кайра көзөмөл камсыздалды.

ДЕАШ тынымсыз кол салуулары менен Раинин түштүк батышындагы Талл Ар отурукташкан мааласын басып алды.



Тектеш кабарлар