Эрдоган менен Меркель телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Халеп жана жакындарындагы абал сөз болду
579577
![Эрдоган менен Меркель телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d4e8/1332/d419/57ed0a363fcd9.jpg?time=1718813366)
Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эрдоган менен Меркель башта Халеп жана жакындарындагы абалдын начарлоосу жана Сириядагы абалдар, террор менен күрөшүү тууралуу пикир алышууларда болушту.
Президент Эрдоган Меркелге 37 күндөн бери уланып жаткан Ефрат калканы кыймылы тууралуу да маалымат берди. Эки лидер Сирияда кагылышуулардын токтошуна байланыштуу келишимдин кайрадан турмушка ашырылышына карата аракеттердин маанисине да токтолушту.