АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Энтони Блинкен Түркия парламентин зыярат кылды

Бликен Түркия парламентинин бомбаланган бөлүктөрүн иликтеди

577997
АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Энтони Блинкен Түркия парламентин зыярат кылды

АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Энтони Блинкен Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылы учурунда Түркия парламентинин бомбаланган бөлүктөрүн иликтеди.

Блинкен АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басс жана коштоосундагы делегация Түркия парламентинде тышкы карым – катнаштар жана протокол төрагасы Жемалеттин Түней тарабынан кабыл алынды. Тосуп алуудан кийин Бликен ФЕТӨнүн козголоң кыймылында парламенттин бомбаланган бөлүмүн кыдырды.

Блинкен сапарынан кийин журналисттердин берген суроосуна өзү үчүн да абдан сезимталдуу учур болгондугун жана өз конгресстеринде алты жыл иштегендигин белгилеп : «Калктын өкүлдөрү болгон жердин кол салууга учуроосу өзүнчө бир абал. Түрк демократиясына колдоо берген жана козголоңго каршы турган кишилерге урмат – сыйымды билдирүү максатында күнүмдү ушул жерден баштадым»,- деди.



Тектеш кабарлар