"Ефрат калканы" кыймылы

«Ефрат  калканы» кыймылы улантылууда.

576132
"Ефрат калканы" кыймылы

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24 -  августта баштаган «Ефрат  калканы» кыймылы улантылууда. Түрк аскердик учактары террордук уюм ДЕАшка таандык экендиги белгиленген 12 бутаны жардырды.

«Ефрат калкыны» кыймылы башталгандан бери бир ай өттү. Түрк куралдуу күчтөрү колдоо көрсөткөн Эркин Сирия Армиясы алдыга жылууда.

Эркин Сирия Армиясы  алты отурукташуу жеринде көзөмөлдү колго алды. Аныкталган 255 ДЕАШ бутасына 989 жолу атуу болгон. Ушундайча кыймыл башталгандан бери жалпы 182 бутага 4 миң  696 атуу болду.

Түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар 12 бутага абадан чабуул жасады. Бул операцияда ДЕАШка таандык  буктурма катары колдонулган 12 бута ичиндеги террористтер менен бирге жардырылды. Айрыкча ДЕАШ террордук уюмунан тазаланган аймактарда ушул күнгө чейин жалпы 26  мина жана 968 граната аныкталып жардырылды. Коалиция күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн 20 абадан операцияларда 40 ДЕАШ мүчөсү өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар