Президент Эрдоган АКШдан кайтып келди
Президент Р. Т. Эрдоган АКШдагы жолугушууларын аяктап бул өлкөдөн кайтып келди
575569
БУУнун Жалпы Кеңешинин жалпы сүйлөшүүлөрү үчүн барган Нью – Йоркто жолугушууларды өткөргөн Эрдоганды ташыган атайын учак ТУР жергиликтүү убакыт боюнча саат 24: 35те JFK аэропортунан учту.
Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, вице – премьер Вейсел Кайнак, адилеттик министри Бекир Боздаг, Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Сайын Кая, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак менен экономика министри Нихат Зейбекчи да Нью – Йорктон кайтып келишти.