Газиантепте эки аскер шейит болду

Жарылуунун натыйжасында оор жараланган бир старшина менен бир адис сержант жаткырылган ооруканада каза тапты

573893
Газиантепте эки аскер шейит болду

Газиантепте Акчакоюнлу аймагынын түштүгүндө мина изилдөө командасы изилдөө жүргүзүп жатканда колдо жасалган гранатанын жарылуусу менен оор жараланган эки аскер шейит болду.

Жарылуунун натыйжасында оор жараланган бир старшина менен бир адис сержант жаткырылган ооруканада каза тапты. Шейиттердин сөөгү өткөрүлө турган салтанат менен туулган жерлерине узатылат.

Ошол эле учурда аскердик булактардан алынган маалыматка караганда жикчил террордук уюм ПККнын Даглыжа аймагындагы 2 бута жана курал буктурмалары эрте мененки сааттарда түрк аскердик учактары тарабынан аткыланды.

Операцияда 7 ПККлык террорист өлтүрүлдү. 4 -  августта Хаккариде башталган террордук уюм операцияларында Чукуржада 214, Шемдинлиде 52, Йүксековада 27 жана Хаккари борбордо 6 киши болуу менен 299 террорист өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар