Жумуш күчү статистикасы
Жумуш менен камсыз кылуу катнашы болсо өзгөрбөстөн 47,1 пайызда калды
![Жумуш күчү статистикасы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/06b9/721b/d5b6/5787420416738.jpg?time=1718915294)
Түркияда жумуш менен камсыз кылынгандардын саны июнь айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 390 миң кишиге өсүп 27 миллион 651 миң кишиге чыкты. Жумуш менен камсыз кылуу катнашы болсо өзгөрбөстөн 47,1 пайызда калды.
Түркия статистика мекемеси ТҮИК июнь айына байланыштуу жумуш күчү статистикаларын билдирди. Июнь айында дыйканчылык секторунда иштегендердин саны 421 миң кишиге азайып, дыйканчылык болбогон секторлордо иштегендердин саны болсо 811 миң кишиге өстү. Жумуш менен камсыз кылынгандардын 20, 2 пайызы дыйканчылык, 19,3 пайызы өнөр жай, 7,5 пайызы курулуш, 53, 1 пайызы болсо тейлөө секторунда орун алды.
Июнь айында өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштырылганда тейлөө секторунун жумуш менен камсыз кылынгандардын ичиндеги үлүшү 2, 1 балл, курулуш секторунун үлүшү 0,2 баллга өсүп, дыйканчылык секторунун үлүшү 1,8 балл, өнөр жай секторунун үлүшү 0,4 баллга азайды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718915294)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.