Түркия Жераблус калкынын муктаждыктарын камсыздап жатат

Саламаттык сактоо министрлиги аймакта толук жабдылган оорукана куруп жатат.

573174
Түркия Жераблус калкынын муктаждыктарын камсыздап жатат

Түркия террор уюму ДЕАШтын басып алуусунан тазалаган Жераблусту калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги аймакта толук жабдылган оорукана куруп жатат. Жераблус ушундайча 5 жылдык мөөнөттөн кийин алгачкы ооруканасына жеткен болот.

Өткөндүн издери өчкөн ооруканада бардык поликлиника тейлөөлөрү берилет, операциялар жасалат.

Ошол эле имараттын бакчасында орун алган 3 кыймылдуу ооруканада ушул убакка дейре 600 жераблустук дарыланды.

Артка кайтуулар менен бирге калкы күн өткөн сайын арткан аймакка гуманитардык жардамдар берилиши уланууда.

Жераблуска кайткан сириялыктар Түркиядан камсыздалган электр жарыгы менен жашоодогу муктаждыктарын камсыздап жатышат.

Калкы 30 миңге жакындаган райондо инфраструктура маселелери жоюлуп аймактын калкы мурдагы күндөрүнө ылдам кайтып баратат.

Көчөлөрү түнкүсүн жаркыраган райондо үйлөрүндө телевизор көрүп, уюлдук телефондорун колдонгон жераблустуктар үйлөрүндөгү электроникалык аппараттарды колдонуунун жана күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоонун бакытын жашап жатат.

 



Тектеш кабарлар