Биз Сириядагы коркунуч элементтерин тазалоо үчүн илгерилейбиз

Эрдоган БУУнун жыйналыштарына катышуу үчүн АКШга аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү

573225
Биз Сириядагы коркунуч элементтерин тазалоо үчүн илгерилейбиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн эч бир өлкөсүнүн Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) үчүн коопсуз баш калкалоочу аймак болбой турганын айтты.

Эрдоган БУУнун жыйналыштарына катышуу үчүн АКШга аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Террор жана террор уюмдары менен күрөшүүнүн алдыбыздагы мезгилде жаңы өлчөмгө ээ болуп улана турганын айткан Эрдоган: «15-июль  төңкөрүш аракети жана улутубуздун бул чыккынчылыкка каршы ортого салган дастандай туруштугу, көздөрдүн дагы бир жолу Түркияга кадалышына себеп болду»,-деди.

«Евфрат калканы» кыймылы менен Сирия тектүү террор уюумуна каршы тыгыз күрөш жүргүзгөнүн да айткан президент Эрдоган: «Бизге дагы көп илгерилебегиле деп жатат. Илгерилейбиз. Кайда барышыбыз керек болсо барабыз. Биздин бул жерлерди коркунуч элементи болуудан чыгарышыбыз керек. Чек араларыбыздын ичинде да ФЕТӨ, ДЕАШ жана ПКК сыяктуу кылмыш топторунун уландыларына каршы да ийгиликтүү операцияларды кылуудабыз»,-деди.

Сирия маселесин чечүүдө жетишилген ар бир минутанын БУУ үчүн уялуунун булагы болгонун баса белгилеген президент сөздөрүн: «Дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну багып жаткан өлкөбүз, бул жагынан маанилүү абалга ээ. Өзүбүз жалгыз көтөргөн бул жоопкерчилигибизди кайра айтабыз»,-деп айтты.

Коопсуз аймак талабын дагы бир жолу айта тургандарын белгилеген Эрдоган: «Террор коридоруна уруксат бербейбиз. Мүнбич деп аталган жер араптарга таандык, ПЙДга таандык сыяктуу көрсөткүсү келүүдө. Бул аймакты билген бизбиз. Бул жерде бизди да уккула. Биз сиз менен НАТОдо чогуубуз. Кол кармашып ушул жаман нерсени тазалайлы»,деген чакырык таштады.

Эрдоган АКШнын «ДЕАШ деп божомолдогону үчүн атканын» билдирген 60тан ашуун сириялык аскер каза болгон окуяга байланыштуу суроого, «Бул темага байланыштуу АКШнын ачыктоосу жаңылыш болгондой. Албетте мунун чындыгын АКШга барганда «кантип эле ошентсин» деп сурап билебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар