Террор менен күрөшүү чечкиндүү уланууда
Хаккариде абадан жана кургактыктан жүргүзүлгөн операцияларда 16 террорист жок кылынды.
570807
Хаккариде абадан жана кургактыктан жүргүзүлгөн операцияларда 16 террорист жок кылынды, 1 ок дары сактоочу жай талкаланды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында абадан кыймылынын Хаккари/Меркез түштүк элет жеринде жүргүзүлгөнүнүн маалыматына орун берилди.
Аба күчтөрүнө таандык согуштук учактар тарабынан аймакта белгиленген 1 даана кыймылдуу бута, 1 даана материал чогултулган жай жана 1 үңкүрдүн кире бериши бомбаланды.
Бул операциянын жыйынтыгында 9 террорист жок кылынды. Террор уюму ПКК тарабынан колдонулган 1 ок дары сактоочу жай талкаланды.
Хаккариде жүргүзүлгөн операцияларда үңкүрдүн ичинде тартылган террористтер зооттолгон жана согуштук унаалар менен атылды. Анда 7 террорист жок кылынды.