ФЕТӨ негизсиз ушактарын айтыш үчүн ажылыкты колдонду

Түркиянын Жиддедеги башкы консулу Фикрет Өзер маалымат жыйын өткөрүп бул маселеге көңүл бурду.

570784
ФЕТӨ негизсиз ушактарын айтыш үчүн ажылыкты колдонду
hac.jpg
şeytan taşlama.jpg

Түркиянын Жиддедеги башкы консулу Фикрет Өзер, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнүн Сауд Арабияга ажылык үчүн барган башка өлкөнүн жарандарына незизсиз ушактарды айтып Түркиянын аброюна доо кетирүүгө аракет кылганын айтты.

Өзер, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Кахраманмараштан эл өкүлү Желалеттин Гүвенч менен экология жана шаар пландоо министринин орун басары Мехмет Жейландын катышуусунда Жидде башкы консулдугунда маалымат жыйын өткөрдү.

ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн Бейтуллахта Түркияга каршы өлкөнүн имиджин бузуу үчүн жалган жалааларды айтып, ушак кылганын баса белгилеген Өзер: «ФЕТӨ негизсиз ушак жана айтымдарын жайыш үчүн ажылыкты колдонду. Малайзиядан, Африкадан жана башка аймактардан келген ажылык талапкерлери, ФЕТӨнүн мүчөлөрү түшүндүргөн негизсиз айтымдардын артынан түрктөргө 15-июлдун түнүндө болгондорду сурашууда. Төңкөрүшчүлөр эч уялбастан негизсиз дооматтарды жана жалган жалааларды айтып чыгышууда»,-деп айтты.

Түркиянын төңкөрүш аракетинен кийин кыйын кезеңден өткөнүн түшүндүргөн Гүвенч, бул тажрыйбадан сабак алынышы керектигин белгилеп кетти.

Жейлан 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин Түрк калкынын биримдик жана ынтымагын ортого салганын түшүндүрүп, бул окуядан кийин Түркияга колдоо көрсөткөн мамилесинен улам Сауд Арабияга ыраазычылыгын билдирди.

Бир тараптан ажылык сыйынуусун орундатуу үчүн ыйык жерлерде жүргөн мусулмандар, майрамдын экинчи күнүндө да шайтанга таш ыргытуусун улантууда. Ажылар үч шайтанга таш ыргытуучу аянттарда жетиден таш ыргытып сыйынууларын орундатышууда.



Тектеш кабарлар