Бул жан бул денеде турганда террор менен күрөшүүмдү улантамын

Президент Режеп Таййип Эрдоган террордун тамырын жулганга дейре эч тынымы жок жолун уланта турганын айтты.

568020
Бул жан бул денеде турганда террор менен күрөшүүмдү улантамын

Президент Режеп Таййип Эрдоган Областтык акимдердин жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, ПКК менен ФЕТӨ/ПДЙнын, ДЕАШ менен ДНКП-Жнын биз үчүн айырмасы жок. Булардын бардыгы тең өлкөбүздүн, улутубуздун, желегибиздин, мекенибиздин, мамлекетибиздин душмандары. Буларды 15-июлдан кийин абдан ачык жана так түрдө көрдүк, башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан бардыгынын тамыры жулунганга дейре эч тынымы жок, чечкиндүүлүк менен жолубузду улантабыз. Жалгыз бир жаран калганга чейин жеке өзүмдүн атыман айтуудамын, бул күрөштү улантамын. Бул жан бул денеде турганда күрөшүүмдү улантамын»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Учурда Жераблуста ДЕАШ деген нерсе калган жок. Алар качышат биз кубалайбыз. Раиде да ошондой эле түрдө. Ал жерде да кадамдарыбызды таштадык. Ал жерде да басабыз. Улантабыз. Кайсы жерге чейинби? Аны да түшүндүрүүнүн кажети жок, биздин да өзүбүзгө жараша планыбыз бар. Бул план кандай? Бул план Түркиянын чек араларын коопсуздук астына алуу планы. Биз бир террор коридорунун курулуу аракетине «ооба» дей албайбыз. Бул жерде дипломатиялык жолугушууларыбызды жасадык, жасайбыз бирок берки тараптан да биз чек араларыбызды террор коридору болуудан чыгарып, тынчтык коридору абалына айландырабыз. Биздин Сириянын жерлерине көз арткан жерибиз жок»,-деп айтты.

Президент Режеп таййип Эрдоган «Евфрат калканы» кыймылына байланыштуу буларды айтты: «Эл аралык укукта ал өлкөнүн өкмөтү сизди чакырбаса ал жерге кире албайсыз» дейт. Кечирип коюңуздар. Биз чындыгында ал өлкөнүн чыныгы ээлери болгон элдин чакыруусуна баш ийүүдөбүз. Ансыз деле ал өлкөнүн башкаруучусу зулум. 600 миң адамды өлтүргөн мыкаачыдан уруксат алабызбы?»



Тектеш кабарлар