Эрдоган менен Обаманын жолугушуусу

Жолугушууда Сирия, «Эфрат калканы» кыймылы, террор темалары каралды.

564780
Эрдоган менен Обаманын жолугушуусу

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында жүргөн президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама менен жолукту.

45 мүнөткө созулган жолугушууда Сирия, «Эфрат калканы» кыймылы, террор темалары каралды.

Эрдоган анда Обамага ПКК, ПЙД, ДЕАШ сыяктуу уюмдар менен күрөшкөн Түркиянын түштүк чек арасында террор коридорун каалабаганын кайталады.

Делегациялардын арасында  болгон жолугушуу убагында Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы колдоо көрсөткөнү үчүн АКШнын президенти Обамага ырахматын айтты.

Террор кыймылдары менен төңкөрүш аракетинин удаама-удаа болушунун маанилүү экенин түшүндүргөн Эрдоган, ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышы үчүн ал тууралуу даярдалган делолордун АКШга жеткирилгенин, жаңылары да жеткириле турганын белгилеп кетти.

Американын президенти болсо төңкөрүш аракети болгон 15-июлдун кечинде көчөлөргө чыккан түрк калкынын демократиядан ажырабаганын көрсөткөнүн айтты.

Террористтик кол салууларда каза болгондор үчүн көңүл айтууларын билдирген Обама, түрк мекемелери жана түрк калкын колдогондорун, төңкөрүшчүлөрдүн жоопко тарылышында да колдорунан келген колдоону көрсөтө тургандарын айтты.

Обама качкындардын жүгүн ийиндеринде ташыган Түркияга бул тармакта да жардам берилиши керектигин баса белгиледи.

Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүдө күчтүү шериктеш болгонун да баса белгилеген Барак Обама, бул кызматташтыктын уланышын каалады.



Тектеш кабарлар